# Кыргыз республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 27-июлундагы № 141 "Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 27-июлундагы № 141 "Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2698/edition/1025498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 27-июлундагы № 141 "Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (27.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86242

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 27-июлу № 141 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2020-жылдын 11-июнундагы № 37 буйругу менен Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Кутуев Памир Абыкаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2020-жылдын 16-июлундагы № 302-б буйругу менен Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыков Бакытбек Дамирбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 14-августуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Тоң жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Шайлдабекова
