# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-июлундагы № 135 "2020-жылы 15-июлда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-июлундагы № 135 "2020-жылы 15-июлда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2693/edition/1025464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-июлундагы № 135 "2020-жылы 15-июлда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (21.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86237

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 21-июлу № 135 2020-жылы 15-июлда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2020-жылы 15-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Бообеков Бекжан Калмурзаевич жана Самтыров Ногайбек Джапанбекович катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 15-июлундагы протоколу менен Логвиненко айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, Б.К.Бообеков - 4, Н.Д.Самтыров - 12 добуш алганы, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 3 добуш берилгендиги белгиленген. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 15-июлундагы протоколу менен Самтыров Ногайбек Джапанбекович Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылы 15-июлда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Самтыров Ногайбек Джапанбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Логвиненко айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Шайлдабекова
