Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М.Артыкбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 9-апрели № 89 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М.Артыкбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаев 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. 2020-жылдын 23-мартында Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар тууралуу иштер боюнча сот коллегиясынын өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевге карата 2019-жылдын 6-декабрындагы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун күнөө коюу өкүмү айрым өзгөртүүлөр менен күчүндө калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 420-беренесине ылайык апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы, өкүмү ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. 2020-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевге карата Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар тууралуу иштер боюнча сот коллегиясынын өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотула тургандыгы белгиленген. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктун, 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевдин күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан социал- демократиялык партиясы" парламенттик фракциясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон