# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-мартындагы № 82 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-мартындагы № 82 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2020
- Редакциянын күнү: 26.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2661/edition/1018467/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-мартындагы № 82 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (26.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86205

---

КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 20-марты № 82 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2020-жылдын 9-мартындагы № 89-р буйругу менен Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Тойчу уулу Кылычбек "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 8-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
