# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020- жылдын 29-февралындагы №65 "2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020- жылдын 29-февралындагы №65 "2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 29.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2643/edition/1016733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020- жылдын 29-февралындагы №65 "2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому (29.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86187

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020- жылдын 29-февралы №65 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин субъектилерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун аккредитация жөнүндө сунушун эске алып, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 12-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн тиркемеде көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалары аккредитациялансын (тиркелет).

2. Документтердин пакетин бербегендигине байланыштуу «Ош шамы» басма сөз басылмасы аккредитациялоодон баш тартылсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин субъектилерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
