# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020- жылдын 11-февралындагы №39 "Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө Жобо тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020- жылдын 11-февралындагы №39 "Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө Жобо тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2623/edition/1014017/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020- жылдын 11-февралындагы №39 "Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө Жобо тууралуу" токтому (11.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86152

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020- жылдын 11-февралы №39 Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө Жобо тууралуу ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин жетекчиликке алып, шайлоочуларга алардын шайлоочулардын тизмелерине киргизилгенин, жеке маалыматтарынын тактыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. ”Шайлоочулардын мамлекеттик порталы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №101 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
