# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 "Шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобо тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 "Шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобо тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2622/edition/1025734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 "Шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобо тууралуу" токтому (01.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86150

---

КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 1-ноябрындагы N 129 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 11-февралы № 38 Шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобо тууралуу “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 11-беренелерин жетекчиликке алып, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын эсебин түзүү, жүргүзүү жана эсепке алуу тартибин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- “Шайлоочуларды, Кыргыз Республикасынын референдумдарынын катышуучуларын каттоонун (эсепке алуунун) мамлекеттик системасы жөнүндө Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2008-жылдын 1-сентябрындагы №48 токтому;

- “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмесин башкаруунун Маалыматтык системасын калыптоо жана колдонуунун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №100 токтому.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
