# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 36 «Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуунун, шаардык кеӊештердин депутаттыгына талапкерлердин кезектүүлүгүнүн өзгөрүшүнүн, депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун жана бош калган мандатты ээлөөнүн тартиби тууралуу» ЖОБО жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 36 «Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуунун, шаардык кеӊештердин депутаттыгына талапкерлердин кезектүүлүгүнүн өзгөрүшүнүн, депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун жана бош калган мандатты ээлөөнүн тартиби тууралуу» ЖОБО жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2621/edition/1013850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 36 «Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуунун, шаардык кеӊештердин депутаттыгына талапкерлердин кезектүүлүгүнүн өзгөрүшүнүн, депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун жана бош калган мандатты ээлөөнүн тартиби тууралуу» ЖОБО жөнүндө" токтому (11.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86148

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 11-февралы № 36 «Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуунун, шаардык кеӊештердин депутаттыгына талапкерлердин кезектүүлүгүнүн өзгөрүшүнүн, депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун жана бош калган мандатты ээлөөнүн тартиби тууралуу» ЖОБО жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86, 137-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин, «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1,51,52-беренелерин, «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуунун, шаардык кеӊештердин депутаттыгына талапкерлердин кезектүүлүгүнүн өзгөрүшүнүн, депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун жана бош калган мандатты ээлөөнүн тартиби тууралуу» Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 20-декабрындагы № 241 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу, добуш берүү күнүнөн кийин шаардык кеӊештин депутаттыгына талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртүү тартиби тууралуу» Жобо күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
