Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 11-февралы № 44 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" 2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 32 Жарлыгына ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 56880215 (элүү алты миллион сегиз жүз сексен миң эки жүз он беш) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу отчеттуулук жана сатып алуу бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 32 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин…Указ · 10.02.2020 · № 32 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон