# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2603/edition/1006967/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (10.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86130

---

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 73 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 4-февралы № 32 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин күчүнө кирген 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 20-берене "адилеттүүлүк" деген сөздөн кийин ", калыстык" деген сөз менен толукталсын;

- 25-берененин биринчи жана экинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;

- 32-берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- 33-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"33-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы, Төраганын орун басары добуш берүүдө бир добушка ээ. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына катышуу менен гана каралып жаткан маселелер боюнча добуш берет. Жыйналышка катышып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү добуш берүүдө арсар болууга укуксуз. Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим боюнча өзгөчө пикири бар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каралышы, протоколдо чагылдырылышы жана ага тиркелиши керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулган өзгөчө пикири, эгерде ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган чечимге каршы добуш берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бирге жарыяланууга жатат.".

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
