# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 19-декабрындагы №180 "Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 19-декабрындагы №180 "Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2570/edition/987921/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86095.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 19-декабрындагы №180 "Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому (19.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86095

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-декабры №180 Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 17 К буйругу менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Нишанбаев Тургунбай "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 8-январына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
