# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 18-декабрындагы №179 "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 18-декабрындагы №179 "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86094>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2569/edition/985966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86094.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 18-декабрындагы №179 "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому (18.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86094

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-декабры №179 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 28-ноябрындагы № 168 токтому менен 2019-жылдын 17-декабрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы катталган талапкерлерге караганда айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилгендигине байланыштуу шайланган жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2019-жылдын 31-декабрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
