Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «2019-жылы 2-декабрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө «токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ 2019-жылдын 6-декабры №174 2019-жылы 2-декабрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2019-жылы 2-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 13-ноябрындагы № 160 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер - Сатыбалдиев Женишбек Болотович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 2-декабрындагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген. Добуш берүүгө Түп айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, Ж.Б.Сатыбалдиев - 18 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги жана 1 бюллетень жараксыз деп табылгандыгы белгиленген. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 2-декабрындагы протоколу менен Ж.Б.Сатыбалдиев Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 2-декабрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Сатыбалдиев Женишбек Болотович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы Түп айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 13-ноябрындагы №160 "Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо…Постановление · 13.11.2019 · № 160
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон