# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 28-ноябрындагы №169 "Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 28-ноябрындагы №169 "Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86084>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2559/edition/983452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86084.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 28-ноябрындагы №169 "Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому (28.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86084

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-ноябры №169 Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рыскулов Нурадин Рыскулович комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рыскулов Нурадин Рыскулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акунов Табалды резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары

А.Бекматов
