# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 24-октябрындагы №154 "Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 24-октябрындагы №154 "Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86069>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2544/edition/980848/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86069.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 24-октябрындагы №154 "Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому (24.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86069

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 24-октябры №154 Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 2/3 буйругу менен Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Эгембердиев Саатбек Искендерович "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 12-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
