Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «2019-жылы 18-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 24-октябры №152 2019-жылы 18-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2019-жылы 18-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 142 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер - Барыктабасов Кайратбек Алымбекович, Исаков Сталбек Имешович жана Мамытов Бактыбек Кемелбекович катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 18-октябрындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу менен Кара-Суу айылдык кеңешинин 21 депутаты толугу менен катышып, биринчи турда К.А.Барыктабасов - 8 добуш, С.И.Исаков - 6 добуш, Б.К.Мамытов - 7 добуш алышкан. Экинчи турда К.А.Барыктабасов - 12 добуш алган, Б.К.Мамытов - 8 добуш алган, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилген. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 18-октябрындагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколу менен К.А.Барыктабасов Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 18-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Барыктабасов Кайратбек Алымбекович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 30-сентябрындагы №142 "Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун…Постановление · 30.09.2019 · № 142
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон