# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 20-сентябрындагы №137 "2019-жылы 10-сентябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 20-сентябрындагы №137 "2019-жылы 10-сентябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86052>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2527/edition/979802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86052.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 20-сентябрындагы №137 "2019-жылы 10-сентябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому (20.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86052

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-сентябры №137 2019-жылы 10-сентябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2019-жылы 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 22-августундагы № 122 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер - Жээнтаев Ишенбай Сабитакунович жана Эмилбеков Улан Эмилбекович катталган. Алар жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган. Добуш берүүгө Улахол айылдык кеңешинин 21 депутаты толугу менен катышкан. Добуш берүүдө И.С.Жээнтаев - 8 добуш, У.Э.Эмилбеков - 13 добуш алган. Шайлоонун натыйжасында У.Э.Эмилбеков Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 10-сентябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылсын.

1.2. Эмилбеков Улан Эмилбекович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы Улахол айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
