# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 30-августундагы №126 "Чүй облусунун Кемин районунун Ильич жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 30-августундагы №126 "Чүй облусунун Кемин районунун Ильич жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2516/edition/972914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 30-августундагы №126 "Чүй облусунун Кемин районунун Ильич жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому (30.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86041

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-августу №126 Чүй облусунун Кемин районунун Ильич жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 19-августундагы № 225-т буйругу менен Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбеталиев Темирлан Саткынбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 28-августундагы № 192-б буйругу менен Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Садыков Болот Жоробекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин районунун Ильич жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 17-сентябрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Кемин жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурушсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
