# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы №116 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы №116 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2506/edition/966626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы №116 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө"токтому (14.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86031

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 14-августу №116 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Огуз районунун Саруу айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-авгусунун № 102 Жарлыгынын негизинде, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Огуз районунун Саруу айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-августунун № 102 Жарлыгынын негизинде, кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдарынын сметасы 689485 (алты жүз сексен тогуз миң төрт жүз сексен беш) сом суммасында бекитилсин (смета тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу, отчеттуулук жана сатып алуу бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары

А.Бекматов
