# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы№12/3"Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу " токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы№12/3"Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/3
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/860289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-857/edition/1036129/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/860289.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы№12/3"Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу " токтому (16.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/860289

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 16-марты № 12/3 "Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кароого сунушталган "Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен иштеп жаткан алмашуу бюролорун жана "Альянс" алмашуу бюролору ассоциациясын тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов
