Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро, Ак-Дөбө, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-августу №113 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро, Ак-Дөбө, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 26-июлдагы № Б-38/IV буйругу менен Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Сурапов Элеман Эргешович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 1-августундагы № Б-40/IV буйругу менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Буланбеков Уланбек Эсенбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 18-июлдагы № 212-р буйругу менен Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы Паязов Сактанбек Паязович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2019-жылдын 23-августуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2019-жылдын 23-августуна дайындалсын жана саат 15.00дөн 18.00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Бакай-Ата, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
А.Бекматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 30-августундагы №124 "2019-жылдын 23-августундагы өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро…Постановление · 30.08.2019 · № 124
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 30-августундагы №125 "2019-жылдын 23-августундагы өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун…Постановление · 30.08.2019 · № 125
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-сентябрындагы №129 "2019-жылдын 23-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун…Постановление · 06.09.2019 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 27-августундагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү…Постановление · 27.08.2018 · № 170