# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы №2019-П-09/49-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы №2019-П-09/49-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2019-П-09/49-6-(НПА)
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/860266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-842/edition/1042971/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/860266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы №2019-П-09/49-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (25.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/860266

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 25-сентябры № 2019-П-09/49-6-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жапа банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин:

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-09/49-6-(НПА) токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ТОЛУКТООЛОР Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобонун:

- 1-тиркеменин 2.5-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылгандыгы тууралуу отчет ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнө чейин ушул Келишимге карата 1-тиркемеге ылайык Банк тарабынан берилет";

- "Кредиттик линияны ачуу келишими" 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 1-тиркеме менен толукталсын:

"20\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кредиттик линияны ачуу келишимине карата 1-тиркеме

Ликвиддүүлүктү колдоого 20\_\_-ж.\_кредиттин алкагында 20\_\_\_-ж. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ берилген № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө ОТЧЕТ

Операция ишке ашырылган күн

Операциянын максаты

Эсептин №

Берилген сумма (сом)

Жыйынтыгында:

Банктын башкы бухгалтери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кол тамгасы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом өлчөмүндөгү кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылгандыгын тастыктайм. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Банк жетекчисинин аты-жөнү (кол тамгасы) М.О.".
