# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы №110 "Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы №110 "Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2500/edition/965268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы №110 "Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому (26.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86025

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 26-июлу №110 Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 16-июлдагы № 171-б буйругу менен Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Казначиев Калмамат Абдуллаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 14-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн

Төрага

Н. Шайлдабекова
