# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы №108 "2019-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы №108 "2019-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86023>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2498/edition/965264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86023.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы №108 "2019-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому (26.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86023

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 26-июлу №108 2019-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2019-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 91 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер катталган - Калыков Турусбек Ашымович, Турганбаев Асылбек Омурбекович жана Өмүркулов Кенжебек Советович. Алар жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган. Добуш берүүгө Ак-Терек айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 20 депутат катышкан. Добуш берүүдө Калыков Т.А. - 19 добуш, Турганбаев А.О. - 0, Өмүркулов К.С. - 0 добуш алышкан, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1. Шайлоонун натыйжасында Калыков Т.А. Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 17-июлундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Калыков Турусбек Ашымович табылсын.

2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
