# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 28-июнундагы №90 "Нарын облусунун Жумгал районунун Кок-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 28-июнундагы №90 "Нарын облусунун Жумгал районунун Кок-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86018>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2493/edition/962782/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86018.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 28-июнундагы №90 "Нарын облусунун Жумгал районунун Кок-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому (28.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86018

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-июну №90 Нарын облусунун Жумгал районунун Кок-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2019-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 75 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган - Каратаев Таяныч Асанбекович. Ал жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган. Добуш берүүгө Көк-Ой айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 10 депутат катышкан. Добуш берүүдө Каратаев Т.А. 10 добуш алган. Шайлоонун натыйжасында Каратаев Т.А. Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 21-июнундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Каратаев Таяныч Асанбекович табылсын.

2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
