# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 19-майындагы № 60 "Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 19-майындагы № 60 "Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86010>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2485/edition/962766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86010.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 19-майындагы № 60 "Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө"токтому (19.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86010

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-майы № 60 Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-апрелиндеги № 53 токтому менен 2019-жылдын 14-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдоруна ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 14-майындагы Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын шайланган мэри болуп Кудайбергенов Марат Сагынович табылсын.

2. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
