# 9-статья. Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2012 года № 90 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203690)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.06.2012 [Закон КР от 28 июня 2012 года № 90 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203690); 18.05.2009 [Закон КР от 18 мая 2009 года № 157 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202697); 17.09.2004 [Закон КР от 17 сентября 2004 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1569); 20.07.2004 [Закон КР от 20 июля 2004 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1492); 25.09.2003 [Закон КР от 25 сентября 2003 года № 216 " О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721046..721047>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 9-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-9

---

Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпысынан жана ар бир тармак боюнча алдыда боло турган чыгымдарды пландаштыруу максатында келечектеги ресурстардын көлөмү жөнүндө түшүнүк берүүчү, мамлекет ишинин артыкчылыктуу багыттарын, өзгөчө артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор жагындагы багытын так аныктоого мүмкүндүк бере турган мамлекеттик финансыны башкаруунун куралы болуп саналат. Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу үстүдөгү жылдан кийинки үч жылга түзүлөт жана үстүдөгү бюджеттик жылдын жана кийинки үч жылдын көрсөткүчтөрүн чагылдырууга тийиш. Орточо мөөнөттүү прогнозду иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген экономикалык прогнозунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдөн турууга тийиш:

а) салыктын негизги түрлөрүн жана башка кирешелерди бөлүп көрсөтүү менен бюджеттин кирешеси;

б) учурдагы чыгымдарды, өнүгүүнүн бюджетин (анын ичинде капиталдык салымдар, геологиялык чалгындоо иштери, илим ж.б.) бөлүп көрсөтүү менен чыгымдардын негизги тобундагы бюджеттин чыгымдары;

в) бюджеттин тартыштыгы жана аны жабуунун булактары.

Бюджеттин орточо мөөнөттүү божомолу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Координациялык кеңешке учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирилбестен берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозун 15-майга чейин карайт да, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, сот системасынан тышкаркы бюджеттен каржылануучу башка органдар боюнча чыгымдардын максималдуу өлчөмдөрүн чектеп, негизги принциптерди иштеп чыгууну аяктайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бекиткен бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозунун көрсөткүчтөрү контролдук цифралар түрүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга, сот системасынан тышкаркы бюджеттен каржыланган республикалык башка органдарга жеткирилет. Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу салык жана бюджет саясаты жана экономикалык кырдаал өзгөргөн учурда жарым жылда кеминде бир жолу кайра каралат. Прогноздун көрсөткүчтөрү келерки жылга бюджеттин киреше жана чыгым бөлүгүн аныктоо үчүн пайдаланылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозун иштеп чыккандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна коет. (КР 2003-жылдын 25-сентябрынын № 216, 2004-жылдын 20-июлундагы № 93, 2004-жылдын 17-сентябрындагы № 169, 2009-жылдын 18-майындагы № 157, 2012-жылдын 28-июнундагы № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-10)
