# 8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2016 года № 85 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111364)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.06.2016 [Закон КР от 22 июня 2016 года № 85 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111364); 17.09.2004 [Закон КР от 17 сентября 2004 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1569)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721057..721058>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 8-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-8

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) экономикалык саясатты ишке ашыруу боюнча негизги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администациялык ведомстволордун иш-аракеттерин координациялоону камсыз кылуучу кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет. Координациялык кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт. Кеңешти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри башкарат. Координациялык кеңеш аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин өз заседаниелерине катышуу үчүн тартууга укуктуу. Бюджеттин долбоорун кароодо Координациялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - тармактык комитетинин мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы кирет. (КР 2004-жылдын 17-сентябрындагы № 169, 2016-жылдын 22-июнундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-9)
