6-статья. Бюджеттер аралык мамилелер
Күчүн жоготкон · 11.06.1998 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2009 года № 232
6-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 6-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу маселелери, ошондой эле бюджеттик процесстерди уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мамилелердин жыйындысы бюджеттер аралык мамилелер болуп саналат. Бюджеттер аралык мамилелер мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды так ажыратууга, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ортосунда кирешелерди жана чыгымдарды бирдиктүү бөлүштүрүүгө, бюджеттик жөнгө салуунун бирдиктүү методологиясына негизделет. Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы өз ара мамилелер ушул Мыйзам, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Бекитилген киреше булактарынын айрым түрлөрүн бюджеттин бир деңгээлинен бюджеттин башка деңгээлине берүүгө жол берилбейт. Бюджеттер аралык мамилелер төмөнкү принциптерге негизделет:
- Кыргыз Республикасынын бюджет тутумундагы ар бир бюджетке кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитүү;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдар боюнча ыйгарым укуктарын туруктуу же узак мөөнөттүү негизде ажыратуу;
- бюджеттердин ортосунда жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерди бөлүштүрүү нормативдерин туруктуу же узак мөөнөттүү негизде аныктоо;
- жергиликтүү бюджеттердин минималдуу бюджеттик камсыз кылуу деңгээлдерин теңдештирүү;
- чыгымдар боюнча ыйгарым укуктарды берүү же кошумча чыгымдарды талап кылган же бюджеттик кирешелерди жоготууга алып келген чечимдерди кабыл алууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу;
Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы өз ара мамилелер жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерден жана трансферттерден чегерүү нормативдерин белгилөө аркылуу жөнгө салынат. Трансферттер тутумуна төмөнкүлөр кирет:
- теңдештирүүчү гранттар;
- дем берүүчү гранттар;
- категориялык гранттар;
- өз ара эсептешүү боюнча бир бюджеттен башка бюджетке берилүүчү каражаттар;
- бюджеттик ссудалар.
(КР 2004-жылдын 20-июлундагы № 93, 2009-жылдын 17-июлундагы № 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.1998 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-декабрындагы № 521-б (Бөлүнү каражаттар боюнча) буйругуРаспоряжение · 27.12.2013 · № 521-р
Беренеде аталган актылар (1)
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/86/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>