58-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Күчүн жоготкон · 11.06.1998 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
58-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 58-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 2, 52-ст.);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 2, 53-ст.);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-жыл, № 7, 249-ст.);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 4, 156-ст.).
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамдын 53-57-статьялары Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам актылары кабыл алынган жана колдонууга киргизилген учурдан тартып күчүн жоготот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ар жылдын бюджеттеринин долбоорлорун даярдоодо фундаменталдык илимий изилдөөлөргө бюджеттин чыгымдарынын статьяларын түзүү сынактык негизде каралуучу өтүнүчтөрдүн негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш экендигин эске алсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарын эки айлык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Берененин тексти 11.06.1998 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
58-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Об основах бюджетного права в Кыргызской РеспубликеЗакон · 10.01.1994 · № 1357-XII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/86/st-58" title="58-статья - Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>