# 47-статья. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн жана бюджеттик маалыматтарды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июня 2012 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203691)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.06.2012 [Закон КР от 29 июня 2012 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203691); 14.02.2008 [Закон КР от 14 февраля 2008 года № 14 " О внесении изменений и дополнений в Законы Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике" и "О финансово-экономических основах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/202225); 20.07.2004 [Закон КР от 20 июля 2004 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1492)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721047..721048>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 47-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-47

---

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тийиштүү аймактык бөлүмдөр аркылуу үстүдөгү жылдын 30-майына чейин айыл өкмөтүнүн, шаар башкармаларынын жана шаарлардын мэрияларынын финансылык органдарына бюджетти, календарлык планды түзүү, жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн болжолдонгон ченемдерин жана жергиликтүү бюджеттер бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын болжолдонгон өлчөмдөрү боюнча нускамаларды таратат. Жергиликтүү бюджетгердин долбоорлорун өзүлөрүнүн финансы органдары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары түзөт. Жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы айылдык жана шаардык кеңештер менен макулдашат. Макулдашылган жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, ал эми райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлар - түздөн-түз Кыргыз Республикасыны Финансы министрлигине берилет. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үстүдөгү жылдын 1-июлуна чейин берилет. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үстүбүздөгү жылдын 1-августна чейин берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бергенден кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жалпы мамлекеттик салыктарды чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жергиликтүү бюджетте бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын такталган өлчөмдөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жаллы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн такталган ченемдерин жана жергиликтүү бюджетте бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын өлчөмдөрүн алгандан кийин жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоорун тактайт жана бекитүү үчүн аны айылдык жана шаардык кеңешке сунуш кылат. (КР 2004-жылдын 20-июлундагы № 93, 2008-жылдын 14-февралындагы № 14, 2012-жылдын 29-июнундагы № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-46)  
Кийинки берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-48)
