# 43-статья. Республикалык бюджеттин аткарылышын уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 января 2010 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/202907)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.01.2010 [Закон КР от 28 января 2010 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/202907); 18.05.2009 [Закон КР от 18 мая 2009 года № 157 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202697)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721044..721045>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 43-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-43

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин аткарылышын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык жана бажы кызматынын органдары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, фонддор жана Кыргыз Республикасынын башка борбордук аткаруу бийлик органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка уюмдар аркылуу уюштурат. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген бюджетке ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кирешелер менен чыгымдарды бөлүштүрүп жазганы боюнча аткарылат. Соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына судьялар Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка органдар контролдук жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын сотторунун бюджети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен республикалык бюджетке ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылат. (КР 2009-жылдын 18-майындагы № 157, 2010-жылдын 28-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-44)
