# 42-статья. Республикалык бюджеттин Кыргыз Республикасынын Жогорку

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2012 года № 90 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203690)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.06.2012 [Закон КР от 28 июня 2012 года № 90 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203690); 28.01.2010 [Закон КР от 28 января 2010 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/202907); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 226 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202441); 14.02.2008 [Закон КР от 14 февраля 2008 года № 14 " О внесении изменений и дополнений в Законы Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике" и "О финансово-экономических основах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/202225); 20.07.2004 [Закон КР от 20 июля 2004 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1492)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721046..721047>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 42-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-42

---

Кеңешинде каралышы жана бекитилиши

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген республикалык бюджеттин долбоорун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комитеттери менен комиссияларынын корутундуларын карайт жана кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга карата жаңы бюджеттик жыл башталганга бир ай калгандан кечиктирбей республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алат. Республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамы:

а) төмөндөгүлөрдү бекитет:

- утурумдук чыгымдардын бюджетин жана өнүгүүнүн бюджетин айырмалап бөлүү менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин - кирешелердин жалпы суммасын жана чыгымдардын жалпы суммасын, ошондой эле бюджеттин тартыштыгынын эң чоң өлчөмүн же болбосо кирешелердин чыгымдардан ашкан өлчөмүн (профицит) көрсөтүү менен;

- бюджеттин тартыштыгын каржылоонун ички жана тышкы булактарын;

- жергиликтүү бюджеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча категориялык, теңдештирүүчү жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын өлчөмдөрүн;

- республикалык бюджет боюнча жыл аягына карата кассалык жүгүртүлүүчү накталай акчанын өлчөмүн;

б) төмөндөгүлөрдү аныктайт:

- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн кирешенин ар бир булагы боюнча түзүлүү булактарын;

- чыгымдардын багыттары жана статьялары боюнча ушул Мыйзамдын 40-статьясынын алтынчы бөлүгүндө каралган тартип боюнча республикалык бюджеттин чыгымдарын.

Республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып жана Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгондон кийин күчүнө кирет. Кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга карата болжолдуу көрсөткүчтөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер контингентин жергиликтүү бюджеттер боюнча бөлүштүрүүнү, ошондой эле республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген жалпы чыгымдоолордун чектеринде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары боюнча чыгымдоолорду даректүү бөлүштүрүүнү караган кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча уюштуруу чараларын кабыл алат. Киреше бөлүгүнө кошумча түшүүлөрдү мыйзам чегинде бекитүү үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына финансы жылы бүткөнгө чейин 3 айдан кечиктирбестен экиден ашык эмес өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Күчүнө кириши салыктардын жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин башка кирешелеринин тизмесинин жана ставкаларынын өзгөрүшүнө алып келүүчү бардык мыйзамдык жана ченемдик актылар бюджеттик жылдын апрель айынан кечиктирилбей тийиштүү түрдө Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынууга тийиш. (КР 2004-жылдын 20-июлундагы № 93, 2008-жылдын 14-февралындагы № 14, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 226, 2010-жылдын 28-январындагы № 14, 2012-жылдын 28-июнундагы № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-43)
