# 40-статья. Республикалык бюджетти түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 февраля 2013 года № 13 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203820)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.02.2013 [Закон КР от 6 февраля 2013 года № 13 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203820); 28.01.2010 [Закон КР от 28 января 2010 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/202907); 18.05.2009 [Закон КР от 18 мая 2009 года № 157 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202697); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 226 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202441); 14.02.2008 [Закон КР от 14 февраля 2008 года № 14 " О внесении изменений и дополнений в Законы Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике" и "О финансово-экономических основах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/202225); 20.07.2004 [Закон КР от 20 июля 2004 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1492); 25.09.2003 [Закон КР от 25 сентября 2003 года № 216 " О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1342); 12.07.2003 [Закон КР от 12 июля 2003 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1251)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721050..721051>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 40-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-40

---

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү календардык планга ылайык республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн прогноздорунун негизинде ишке ашырылат. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, фонддор жана башка аткаруу бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бекиткен контролдук сандардын негизинде республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелердин чыгымдарынын жыйынды сметасынын долбоорлорун, атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгымдардын сметаларынын долбоорлорун түзүшөт жана тийиштүү финансы жылы башталганга кеминде 6 ай калганга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришет. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин, (жергиликтүү соттордун бюджеттерин кошкондо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунун кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки пландаштырылган эки жылга бюджеттеринин долбоорун карайт, аларды жалпылайт, соттордун бюджеттеринин бирдиктүү долбоору катары кийинки финансы жылы башталганга чейин 8 айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашууга жиберет. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соттордун бюджеттеринин бирдиктүү долбоорун макулдашуу үчүн Атайын комиссияны түзөт. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Атайын комиссиясынын өкүлдөрү кийинки финансы жыл башталганга чейин 6 айдан кечиктирбестен макулдашуу жол-жобосун жүргүзүүгө жана аяктоого милдеттүү. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жибериле турган республикалык бюджеттин долбооруна Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушун өзгөртүүсүз кошот жана өзүнүн корутундусун тиркейт. Тийиштүү жылга бюджетти түзүүдө сот системасынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана мурдагы жылдын бекитилген көрсөткүчтөрүнөн төмөн болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик мекемелердин чыгымдарынын сметасынын долбоорлорун, атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгымдардын сметаларынын долбоорлорун аталган органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен карап чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Бюджеттик комиссиясы белгилеген чыгымдардын эң чоң өлчөмүнүн сакталышын текшерет, зарылдыгына карай тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизет, республикалык бюджеттин долбоорун түзөт жана аны тийиштүү финансы жылы башталганга кеминде 4,5 ай калганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бюджеттин кирешелери менен чыгымдарынын статьяларын майда-баратына чейин баяндоону камтыган түшүндүрмө кат, ошондой эле келерки бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга карата республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен бирге берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбоорун, алардын эскертүүлөрүн карап чыгат жана аны тийиштүү финансы жылы башталганга кеминде 4 ай калганга чейин Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга карата республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет, ал долбоорго төмөнкү көрсөткүчтөр киргизилет:

1) республикалык бюджеттин долбоору - кирешелердин жалпы суммасы боюнча кирешелердин ар бир булагын айырмалап көрсөтүү менен жана чыгымдардын жалпы суммасы боюнча чыгымдарды айырмалап көрсөтүү менен;

- жалпы арналыштагы мамлекеттик тейлөө кызматтарына (анын ичинде аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарына, финансы жана салык-бюджеттик иш-аракетке, тышкы саясий иштерге, фундаменталдуу илимий изилдөөлөргө, жалпы пландоо жана статистика кызматтарына, жалпы жагдайдагы башка мамлекеттик тейлөө кызматтарына жана башка категорияларга кирбеген) жалпы жагдайдагы башка тейлөө кызматтарына;

- коргонууга;

- Өзгөчө кырдаалдар жана граждандык коргонуу министрилигинин иш-чараларын каржылоого;

- коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого;

- билим берүүгө;

- саламаттыкты сактоого;

- социалдык жактан камсыздандырууга жана социалдык жактан камсыздоого;

- турак-жай-коммуналдык чарбага;

- эс алууну уюштурууга жана маданий иштерге (анын ичинде дене тарбияга, маданиятка, телекөрсөтүү жана радиоуктурууга, басма мекемелери менен кызматтарына жана башка коомдук иш-аракеттерге);

- отун-энергетика комплексине;

- айыл жана суу чарбасына, токой чарбасына, балык уулоого, аңчылыкка;

- тоо-кен өнөр жайына жана минералдык ресурстарга (отундан тышкары), кайра иштетүүчү өнөр жайга, курулушка (анын ичинде тоо-кен чалгындоо иштерине);

- транспортко жана байланышка (анын ичинде автожол, суу, темир жол жана аба транспортуна, түтүк жүргүчтөргө жана ташуунун башка тутумдарына);

- экономикалык жана администрациялык иш-аракетке байланыштуу башка тейлөө кызматтарына;

- негизги топко киргизилбеген башка чыгымдарга.

Чыгымдардын көрсөткүчтөрү бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу чыгымдарды жана мамлекеттик чыгымдардын экономикалык жана администрациялык классификациясына ылайык чыгымдардын негизги статьяларын жана ссудаларды чыгымдардын негизги топторунун, топтору менен кичине топторунун курамында тындырууну алып салуу менен бөлүп көрсөтүү аркылуу чагылдырылат. Бюджеттин чыгымдарынын жалпы көрсөткүчтөрүндө утурумдук чыгымдардын бюджети жана өнүгүүнүн бюджети айырмаланып көрсөтүлөт;

2) республикалык бюджеттин тартыштыгынын эң жеткен өлчөмү жана аны каржылоонун ички жана тышкы булактары;

3) жергиликтүү бюджеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерден чегерилүүчү ченемдиктери;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча категориялык, теңдештирүүчү жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын өлчөмдөрү;

5) республикалык бюджет боюнча жыл аягына карата кассалык жүгүртүүдөгү накталай акчанын өлчөмү.

(КР 2003-жылдын 12-июлунун № 125, 2003-жылдын 25-сентябрынын № 216, 2004-жылдын 20-июлундагы № 93, 2008-жылдын 14-февралындагы № 14, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 226, 2009-жылдын 18-майындагы № 157, 2010-жылдын 28-январындагы № 14, 2013-жылдын 6-февралындагы №13 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-41)
