# 36-статья. Жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдиктери, ошондой эле трансферттер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2009 года № 232 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203190)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 232 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203190); 20.07.2004 [Закон КР от 20 июля 2004 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1492)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721043..721044>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 36-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-36

---

өлчөмү сакталбагандыгы үчүн санкциялар (Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жалпы мамлекеттик салыктардын, салык эмес жана бюджеттердин ортосундагы башка кирешелердин туура бөлүштүрүлүшүнө, трансферттердин туура эсеп кылынышына жана максаттуу пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашырат. Жалпы мамлекеттик салыктарды, салык эмес жана башка кирешелерди эсептөө тартиби жана алардын өлчөмү бузулган, трансферттер максатына жараша пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жогору турган аймактык деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары региондун аймагында ишке ашырылып жаткан жалпы мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды, бардык түрдөгү трансферттердин берилишин, ошондой эле бюджеттик ссудалар жана өз ара эсептешүүлөр боюнча каражаттардын берилишин токтотуп коюуга укугу бар. Трансферттерди эсептөөнүн тартибине жоопкер мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары анын туура эсептелишине жеке жоопкерчилик тартат. (КР 2004-жылдын 20-июлундагы № 93, 2009-жылдын 17-июлундагы № 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-37)
