# 35-статья. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумдагы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 января 2010 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/202907)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.01.2010 [Закон КР от 28 января 2010 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/202907); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 232 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203190); 17.09.2004 [Закон КР от 17 сентября 2004 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1569); 20.07.2004 [Закон КР от 20 июля 2004 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1492)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721044..721045>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 35-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-35

---

трансферттер (Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Категориялык гранттар - мамлекет тарабынан кепилдик берилген жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын айрым түрлөрүн финансылоо үчүн акысыз жана кайтарымсыз негизде республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер. Категориялык гранттар жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик программаларды финансылоонун керектөөлөрүнө эсептелген формуланын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына республикалык бюджеттен берилет. Категориялык гранттарды эсептөөнүн ыкмалары жана формуласы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Билим берүү үчүн категориялык гранттын өлчөмдөрүн конкреттештирүү мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон көлөмдөрдө жыл сайын белгиленет. Категориялык гранттар белгиленген ыкмага жана формулага ылайык жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан бөлүштүрүлөт. Теңдештирүүчү гранттар - стабилдүү социалдык экономикалык абалга колдоо көрсөтүү максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын финансылоону камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер. Теңдештирүүчү гранттар жергиликтүү коомдоштуктун чыгымдарын финансылоодо кирешелердин потенциалынын жана жергиликтүү бюджеттин керектүүлөрүнүн ортосундагы финансылык ажырымды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формуланын негизинде эсептелинет жана бөлүштүрүлөт. Теңдештирүүчү гранттар белгиленген ыкма жана формулага ылайык жергиликтүү бюджетке Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан бөлүштүрүлөт. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар - бюджеттик каражаттарды, мамлекеттик артыкчылыктуу программалардын жана долбоорлордун каражаттарын натыйжалуу чыгымдоого дем берүү, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү жана жергиликтүү кирешелердин булактарын кыйла толугу менен мобилизациялоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурстук негизде берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен шарттарга ылайык үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга талаптама берүүгө укуктуу. Гранттардын өлчөмдөрү жана алардын тизмеси республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамда жыл сайын каралып турушу мүмкүн. Гранттарды берүүнүн ыкмасы, эсептөө формуласы жана шарттары үч жыл боюу өзгөртүлүүгө тийиш эмес. Өз ара эсептешүү боюнча бир бюджеттен башка бюджетке берилүүчү каражаттар ушул Мыйзамдын 16-статьясына ылайык өткөрүп берилет. Бюджеттик ссудалар-кайтаруу, тез жана пайызсыз негизде башка бюджетке берилүүчү каражаттар. Бюджеттик ссудалар бюджеттик жылдын алкагында 12 айга чейинки мөөнөткө берилет. Бюджеттик ссудалар ушул Мыйзамдын 15-статьясына ылайык берилет. (КР 2004-жылдын 20-июлундагы № 93, 2004-жылдын 17-сентябрындагы № 169, 2009-жылдын 17-июлундагы № 232, 2010-жылдын 28-январындагы № 14 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-36)
