# 33-статья. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2016 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111362)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.06.2016 [Закон КР от 22 июня 2016 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111362); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 141 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203741); 29.06.2012 [Закон КР от 29 июня 2012 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203691); 28.01.2010 [Закон КР от 28 января 2010 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/202907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721057..721058>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 33-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-33

---

1. Айылдын жана шаардын жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт:

1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;

2) муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер;

3) жер салыгы;

4) мүлккө салык;

5) (КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) Айыл-чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу укугу үчүн алынуучу жерге ижара акысы;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;

8) айылдык жана шаардык кеңештер бекиткен реестрге ылайык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн муниципалдык мекемелердин кирешелери;

9) жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерине жана унаа каражаттарын эксплуатациялоого коркунуч келтирген укук бузуу болгондо салынган администрациялык жазалардан тышкары администрациялык айыптар жана башка санкциялар;

10) трансферттер, ыктыярдуу төлөмдөр;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес, жана башка кирешелер.

2. (КР 2012-жылдын 29-июнундагы N 91 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2010-жылдын 28-январындагы № 14, 2012-жылдын 29-июнундагы № 91, 2012-жылдын 25-июлундагы № 141, 2016-жылдын 22-июнундагы № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-34)
