# 32-статья. Республикалык бюджеттин кирешелери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2016 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111362)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.06.2016 [Закон КР от 22 июня 2016 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111362); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770); 28.06.2012 [Закон КР от 28 июня 2012 года № 90 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203690); 28.01.2010 [Закон КР от 28 января 2010 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/202907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721057..721058>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 32-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-32

---

Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:

1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;

2) кошумча нарк салыгы;

3) акциздик салык;

4) пайдага салык;

5) кен байлыктарды пайдалануу үчүн салык (бонустар);

6) (КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) импорттук жана экспорттук бажы алымдары;

8) республикалык бюджеттен берилүүчү кредиттер (ссудалар) боюнча пайыздар;

9) адиске баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк бергендиги үчүн жыйым;

10) баалуу кагаздардын эмиссияларын каттагандыгы үчүн комиссиондук жыйым;

11) күрөөнү каттагандыгы, Бирдиктүү мамлекеттик реестрден көчүрмө алгандыгы жана күрөөнү кошумча билдиргендиги үчүн жыйымдар;

12) транспорттук каражаттарды каттагандыгы (кайра каттагандыгы) үчүн жыйым;

13) консулдук жыйымдар;

14) туристтик жана альпинисттик иштерди жүргүзгөндүгү үчүн жыйым жана чегерүүлөр;

15) мыйзамсыз, анын ичинде лицензиялык тартип менен белгиленген ишти лицензиясы жок жүзөгө ашыруудан түшкөн кирешелер;

16) мамлекеттик жана дем берүүчү лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн кирешелер;

17) баалуу металлдардан жасалган зергердик (турмуш-тиричилик) буюмдарды сынактан өткөргөндүк жана эн тамга койгондук үчүн төлөм (баалуу металлдарга техникалык экспертиза жана контролдук талдоолор);

18) мамлекеттик менчикте турган объектилерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер;

19) концессиялык (чет өлкөлүк инвесторлорго мүлктү, жерди жана анын кен байлыктарын ижарага берүүдөн) кирешелер;

20) айлана чөйрөнү булгагандык үчүн төлөм (анын ичинде булгоочу заттардын агындыларын, саркындыларын жана калдыктарды таштоочу жай үчүн төлөөлөр);

21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен реестрге ылайык мамлекеттик уюмдар көрсөткөн акы төлөмө кызматтарды жана иштерди аткаруудан түшкөн кирешелер;

22) альтернативалуу (аскердик эмес) кызмат өтөөдөн түшкөн кирешелер:

23) жаратылыш ресурстарын пайдалануудан түшкөн кирешелер;

24) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине биротоло өткөн мүлктү, анын ичинде мамлекеттин пайдасына бажы режиминде баш тартуу жол-жоболоштурулган товарларды жана транспорт каражаттарын сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешелер;

25) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан түшкөн кирешелер:

26) акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддерден түшкөн кирешелер;

27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;

28) жазык-аткаруу инспекцияларынын кирешелери;

29) материалдык баалуулуктардын уурдалышына жана кем чыгышына күнөөлүү адамдан төлөтүлүп алынуучу суммалар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү өндүрүп алуучу администрациялык айыптар жана санкциялар;

30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес, жана башка кирешелер.

(КР 2010-жылдын 28-январындагы № 14, 2012-жылдын 28-июнундагы № 90, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170, 22 июня 2016 года № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-33)
