# 31-статья. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2016 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111362)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.06.2016 [Закон КР от 22 июня 2016 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111362); 28.06.2012 [Закон КР от 28 июня 2012 года № 90 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203690); 28.01.2010 [Закон КР от 28 января 2010 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/202907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721057..721058>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 31-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-31

---

1. Жалпы мамлекеттик салыктарга жана башка кирешелерге төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы;

2) сатуудан салык;

21) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти);

3) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

5) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму;

6) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешелер;

7) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан же башка акы төлөнүп менчиктен ажыратуудан түшкөн кирешелер;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле бюджеттик мекемелер, аткаруу бийлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга караштуу органдар акы төлөтүп кызмат көрсөтүүдөн жана иш аткаруудан түшкөн кирешелер;

9) материалдык, администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинин чараларын колдонуунун натыйжасында түшкөн каражаттар, атап айтканда: айып салуу, конфискация, компенсация;

9-1) эл аралык донорлордон расмий трансферттердин келип түшүүсү;

10) мыйзам тартибинде белгиленүүчү башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер.

2. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер республикалык, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерге түшүшү мүмкүн.

(КР 2010-жылдын 28-январындагы № 14, 2012-жылдын 28-июнундагы № 90, 22 июня 2016 года № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-32)
