# 29-статья. Республикалык бюджеттин чыгымдарынын секвестр түшүнүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2009 года № 157 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202697)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721041..721042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 29-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-29

---

Чыгымдардын секвестри деп бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбай калышы күтүлгөн шартта, ошондой эле бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине пенсия жана эмгек акы төлөп берүү боюнча карыздардын топтолушун болтурбоо максатында республикалык бюджеттин чыгымдар статьясын белгиленген пропорцияларда кыскартуу түшүндүрүлөт. Учурдагы бюджеттик жылга секвестр киргизүү чечими республикалык бюджеттин кварталдагы иш жүзүндө аткарылышын талдоонун жана бюджеттик жылдын акырына чейин кирешенин аткарылышын баамдоонун негизинде кабыл алынат. Республикалык бюджеттин чыгымдарынын секвестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Секвестрлештирүүгө жаткан статьялардын тизмеси, ошондой эле кыскартуунун өлчөмү бирдиктүү ставка боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш тарабынан белгиленет. Чыгымдардын айрым статьялары боюнча секвестрдин жеңилдетилген режими белгилениши мүмкүн. Үстүдөгү финансы жылында Кыргыз Республикасынын сот системасын финансылоого мыйзам менен каралган бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана секвестеризациялоого жол берилет. (КР 2009-жылдын 18-майындагы № 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-30)
