# 20-статья. Бюджеттин чыгымдары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 февраля 2009 года № 54 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202528)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.02.2009 [Закон КР от 17 февраля 2009 года № 54 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202528); 20.07.2004 [Закон КР от 20 июля 2004 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1492)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721040..721041>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 20-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-20

---

Тийиштүү жылдын бюджетинде ошол жылы аткаруу белгиленген иш-чараларга чыгымдар каралат. Пландаштырылган жылы кийинки жылдары да кыйла өлчөмдөгү бюджеттик каражаттарды сарптоону талап кылган иш-чараларды өткөрүүдө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарына аталган каражаттарды мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде бөлүү каралат. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу функцияларын жана милдеттерин аткаруудан келип чыккан чыгымдар гана кабыл алынат. Ушул максатта чыгымдардын зарылчылыгына баа берилип, долбоорлордун бар экендиги жана чыгымдардын сметасына эсептердин негиздүүлүгү текшерилет. Бюджеттердин сарптоо бөлүгү өзгөчө учурларда мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин жана милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн юридикалык жактарга субсидияларды камтышы мүмкүн. Өнүгүү боюнча программаны кабыл алуу үчүн салыктардын экономикалык майнаптуулугун изилдөөлөр жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда салым жумшоонун максатка ылайыктуулугун ырастоочу көз каранды эмес эксперттердин корутундусу пайдаланылат. Бюджеттин чыгым бөлүгүнө иштеп жаткан жана жаңы ачылган ишканалар үчүн капиталдык салымдарына бөлүнгөн акча каражаттары киргизилет. Республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги, ал эми жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Орточо мөөнөттүү бюджеттин жана пландаштырылган тийиштүү жылга бюджеттин көрсөткүчтөрүнө киргизилген капиталдык салымдардын көлөмдөрү түздөн-түз ишканалар менен уюмдарга кредит же грант түрүндө берилген каражаттардан куралчу капиталдык салымдардын көлөмүн кошо алганда каржылоонун бардык булактарынын (ички жана тышкы) эсебинен каржылануучу капиталдык салымдардын көлөмдөрүн, ошондой эле тышкы булактардан каржылануучу бардык инвестициялык долбоорлор боюнча капиталдык салымдардын көлөмүн кошууга тийиш. Өнөр жай-өндүрүштүк багыттагы объектилердин курулушуна бөлүнгөн каражат кайтарып берүү мүнөзүнө ээ жана пайыздарды төлөө менен берилет. Бюджеттин чыгым бөлүгүнө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарына, ишканаларга жана чарба субъекттерине ссуда үчүн берилген каражат да кошулат. Бюджеттин чыгым бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондго бөлүнгөн дотациялар жана башка каражаттар да көрсөтүлөт. Өз ишин бюджеттен тышкары жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында бюджеттен алынуучу бюджеттик каражаттарды пайдалангандыгы үчүн отчет берет. Чыгымдардын көрсөткүчтөрү бюджетте учурдагы чыгымдарды жана өнүгүү бюджетин, ошондой эле бюджеттин кирешеси менен чыгымынын классификациясына ылайык чыгымдардын негизги түрлөрүн жана статьяларын бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат. Бюджеттин тартыштыгын каржылоо ички жана тышкы булактардан алынган кредиттердин негизги суммасын жабуу менен байланышкан чыгымдар бюджеттин чыгым бөлүгүндө көрсөтүлбөйт да, "Бюджеттин тартыштыгын жабуу булактары" бөлүмүндөгү анын балансында көрсөтүлөт. Бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондуна Мамлекеттик гарантиялар программасын аткаруу үчүн бөлүнүүчү каражаттар көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фонду саламаттык сактоо уюмдарын менчигинин формасына карабастан мамлекеттик бюджеттин каражаттары менен келишимдик негизде каржылайт. Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фонду бюджеттен алынган бюджеттик ассигнованиелерди пайдаланганы үчүн Саламаттык сактоону реформалоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочулар кеңешине отчет берет. (КР 2004-жылдын 20-июлундагы № 93, 2009-жылдын 17-февралындагы № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-19-1)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-21)
