# 19-1-статья. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-19-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 19-1-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-19-1

---

Атайын каражаттар - бул бюджеттик мекемелердин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык атайын эсептерге чегерилген продукцияларды сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн жана (же) иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруудан алынган каражаттары. Атайын каражаттар мамлекеттик бюджетте чагылдырылат, мында бюджеттик мекеменин атайын эсебине түшүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда бул каражаттар атайын каражаттар катары так көрсөтүлүүгө тийиш. Тиешелүү ченемдик укуктук актылар жок болгон учурда, каражаттар мекеменин атайын эсебине чегерилүүгө тийиш эмес жана мамлекеттик бюджеттин кирешесине келип түшөт. Атайын каражаттардын курамына төмөнкү кирешелер кошулушу мүмкүн эмес:

- салык жана бажы мыйзамдарына, салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген милдеттүү төлөмдөр;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ченемдерди бузгандыгы үчүн айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;

- укук бузуулар менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө келип түшкөн каражаттар, ошондой эле укук бузууларды жасоонун конфискацияланган товарларын, куралдарын жана башка товарларды сатуудан түшкөн каражаттар.

(КР 2012-жылдын 28-июнундагы № 90 , 2013-жылдын 7-августундагы № 189 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-19)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-20)
