19-1-статья. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары
Күчүн жоготкон · 11.06.1998 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
Атайын каражаттар - бул бюджеттик мекемелердин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык атайын эсептерге чегерилген продукцияларды сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн жана (же) иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруудан алынган каражаттары. Атайын каражаттар мамлекеттик бюджетте чагылдырылат, мында бюджеттик мекеменин атайын эсебине түшүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда бул каражаттар атайын каражаттар катары так көрсөтүлүүгө тийиш. Тиешелүү ченемдик укуктук актылар жок болгон учурда, каражаттар мекеменин атайын эсебине чегерилүүгө тийиш эмес жана мамлекеттик бюджеттин кирешесине келип түшөт. Атайын каражаттардын курамына төмөнкү кирешелер кошулушу мүмкүн эмес:
- салык жана бажы мыйзамдарына, салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген милдеттүү төлөмдөр;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ченемдерди бузгандыгы үчүн айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;
- укук бузуулар менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө келип түшкөн каражаттар, ошондой эле укук бузууларды жасоонун конфискацияланган товарларын, куралдарын жана башка товарларды сатуудан түшкөн каражаттар.
(КР 2012-жылдын 28-июнундагы № 90 , 2013-жылдын 7-августундагы № 189 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.1998 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кенешинин 2014-жылдын 3-декабрындагы № 4524-V "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 03.12.2014 · № 4524-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.09.2013 · № 506
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык…Постановление · 19.06.2015 · № 383 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 124 ""Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 06.03.2013 · № 124 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин материалдык колдоо…Постановление · 27.05.2013 · № 292 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/86/st-19-1" title="19-1-статья - Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>