# 17-статья. Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/86)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.1998
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2004 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1492)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/86#diff=721035..721036>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-75/edition/721031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө, 17-статья (11.06.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-17

---

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткарууда кошумча алынган, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген чегерүүлөрдүн ченемдиктери боюнча бөлүштүрүлүүчү кирешелер, ошондой эле жыл аягында кирешени ашык аткаруудан же чыгымды үнөмдөөнүн натыйжасында түзүлгөн кирешенин чыгымдан ашкан суммасы тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында калат, алып коюлбайт жана Өкмөттүн жана айылдык жана шаардык кеңештердин кароосу боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын тийиштүүлүгүнө жараша финансылоого пайдаланылат. Ушул Мыйзамдын 31-статьясында көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик салык же киреше боюнча (мурдагы жылдагы салык калдыгын төлөө боюнча планды эске алуу менен) пландуу көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылган учурда ошол жалпы мамлекеттик салык же киреше боюнча пландуу көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылган суммасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши белгилеген ченемдер боюнча ашык аткарылган суммада жергиликтүү бюджетке чегерилет. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча отчеттук финансы жылынын акырында топтолгон каражаттын эркин калдыгы (кассалык накталай акчаны жүгүртүүнү алып таштагандан кийин ушул Мыйзамдын 23-статьясына ылайык түзүлгөн кирешенин чыгымдан ашышы) республикалык бюджетти аткаруу процессинде Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик карызын толугу менен (же жарым-жартылай) жабууга жумшалышы мүмкүн. (КР 2004-жылдын 20-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/86/st-18)
