17-статья. Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 11.06.1998 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2004 года № 93
17-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 17-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткарууда кошумча алынган, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген чегерүүлөрдүн ченемдиктери боюнча бөлүштүрүлүүчү кирешелер, ошондой эле жыл аягында кирешени ашык аткаруудан же чыгымды үнөмдөөнүн натыйжасында түзүлгөн кирешенин чыгымдан ашкан суммасы тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында калат, алып коюлбайт жана Өкмөттүн жана айылдык жана шаардык кеңештердин кароосу боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын тийиштүүлүгүнө жараша финансылоого пайдаланылат. Ушул Мыйзамдын 31-статьясында көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик салык же киреше боюнча (мурдагы жылдагы салык калдыгын төлөө боюнча планды эске алуу менен) пландуу көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылган учурда ошол жалпы мамлекеттик салык же киреше боюнча пландуу көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылган суммасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши белгилеген ченемдер боюнча ашык аткарылган суммада жергиликтүү бюджетке чегерилет. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча отчеттук финансы жылынын акырында топтолгон каражаттын эркин калдыгы (кассалык накталай акчаны жүгүртүүнү алып таштагандан кийин ушул Мыйзамдын 23-статьясына ылайык түзүлгөн кирешенин чыгымдан ашышы) республикалык бюджетти аткаруу процессинде Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик карызын толугу менен (же жарым-жартылай) жабууга жумшалышы мүмкүн. (КР 2004-жылдын 20-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.1998 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-декабрындагы № 521-б (Бөлүнү каражаттар боюнча) буйругуРаспоряжение · 27.12.2013 · № 521-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/86/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>