# КР Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ N 286 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына толуктоолорду киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ N 286 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына толуктоолорду киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 286
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85004>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9030/edition/861545/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85004.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ N 286 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына толуктоолорду киргизүү тууралуу" жарлыгы (07.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85004

---

КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 22-июну ПЖ N 286 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына толуктоолорду киргизүү тууралуу

"2009-жылы 3-февралда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик карыздын бир бөлүгүн мүлктүк формада тындыруу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы калган карызын кечүү жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы N 121 "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указынын 1-пунктуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- экинчи абзацтагы "ачык типтеги акционердик" деген сөздөрдөн мурда "48 пайыз өлчөмүндө "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин Россия Федерациясынын менчигине өткөрүп берүү боюнча бүтүмдөн тышкары" деген сөздөр кошулсун;

- үчүнчү абзацтагы "каттоочулар жана адистер" деген сөздөрдөн кийин "48 пайыз өлчөмүндө "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетине менчик укугун өткөрүп берүү жөнүндө жазуудан тышкары" деген сөздөр кошулсун, андан ары текст боюнча. Абзацтын акырына "48 пайыз өлчөмүндө "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетине менчик укугун өткөрүү жөнүндө жазуу өткөрүп берүү буйругунун негизинде киргизилет." деген сүйлөм кошулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

К. Бакиев
