# КР Президентинин 2006-жылдын 13-мартындагы ПЖ N 106 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2006-жылдын 13-мартындагы ПЖ N 106 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9028/edition/861487/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85002.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2006-жылдын 13-мартындагы ПЖ N 106 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы (07.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85002

---

КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 13-марты ПЖ N 106 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу

Акциялардын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү ыкмасын өркүндөтүү жана корпорациялык баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы N 121 "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

" - менчиктештирүү жекече программалар жана концепциялар боюнча жүргүзүлгөн стратегиялык ишканалардан тышкары баалуу кагаздардын рыногунда сооданы лицензиялык уюштуруучулар аркылуу менчиктештирилген ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуунун тартибин иштеп чыксын жана ишке киргизсин;"

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

К. Бакиев
