# 9-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203658)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/85#diff=1192767..1192768>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 9-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-9

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдары лицензиаттар тарабынан мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда:

а) мунайгаз тармагында издөө, чалгындоо, иштетүү (алуу) үчүн берилүүчү бөлүнгөн жерлерди жер казынасынын участоктору катары берет;

б) жергиликтүү кеңештер менен биргелешип көмүр, суутек сырьесунун ресурстарын өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун аймактык программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;

в) Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык экологиялык кызматтары менен биргелешип мунайды жана газды издеп-чалгындоо жумуштарынын жана иштетүүнүн (алуунун) долбоорлорун экологиялык экспертизадан өткөрүүгө катышат;

г) жер казынасын пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык кызматтары менен биргелешип издеп-чалгындоодо жана мунайды жана газды иштетүүдө (алууда) жер казынасын пайдаланууга жана коргоого контролдукту жүзөгө ашырууга катышат;

д) тиешелүү аймактык мамлекеттик кызматтар менен биргелешип аларды пайдалануу адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына, чарбалык объектилерге же айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда жер казынасынын участокторун пайдаланууга чектөөлөрдү киргизет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-10)
