# 6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мунайгаз тармагындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 января 2015 года № 19 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О нефти и газе"](https://aqlex.ai/kg/doc/205428)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.01.2015 [Закон КР от 20 января 2015 года № 19 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О нефти и газе"](https://aqlex.ai/kg/doc/205428); 29.05.2012 [Закон КР от 29 мая 2012 года № 74 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О нефти и газе"](https://aqlex.ai/kg/doc/203674)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/85#diff=1192771..1192772>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 6-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-6

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мунайгаз тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруунун программасын иштеп чыгат;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга мүлктүк укуктарды берет;

- мунай жана газ ресурстарын пайдаланууну жана натыйжалуу пайдаланууну контролдоону жүзөгө ашырат;

- мунайгаз тармагына инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу ченемдик укуктук жана фискалдык шарттарды түзөт;

- мунайгаз тармагындагы иштин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасиринен коргоо программасын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- жер казынасын пайдалануунун, аларды коргоонун, мунай жана газ чыккан жерлерди иштетүүнүн жана пайдалануунун, жаратылыш газын жана мунайын жөнөтүүнүн, ташуунун, пайдалануунун жана сатуунун эрежелерин белгилейт;

- мунайдын жана жаратылыш газынын балансынын абалына контролдук жүргүзөт, жер казынасынын изилденишинин мамлекеттик эсепке алынышын уюштурат;

- мунайдын, жаратылыш газынын стратегиялык корлорун калыптандырууну жана алардын республиканын аймагында жайгаштырылышынын эсепке алынышын камсыз кылат;

- мунайгаз тармагындагы инвестициялык саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- лицензиялоонун, мунай газ тармагындагы ишти лицензиялоонун шарттарынын сакталышын контролдоонун мамлекеттик тутумунун иштешин камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мунайгаз тармагындагы жалпы баа саясатын жүргүзөт;

- мунайгаз тармагын монополиядан арылтуу, мамлекеттик менчиктен ажыратуу жана менчиктештирүү боюнча программаны иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук техникасын камсыз кылынышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым ыйгарым укуктарын башка мамлекеттик органдарга бере алат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн мунай менен газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды себептерин көрсөтүү менен календарлык жылдын ичинде алты айдан ашпаган мөөнөткө экспорттоого тыюу салууга укуктуу. (КР 2012-жылдын 29-майындагы № 74, 2015-жылдын 20-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-7)
