Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мунайгаз тармагындагы ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 20.01.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 января 2015 года № 19
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мунайгаз тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруунун программасын иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга мүлктүк укуктарды берет;
- мунай жана газ ресурстарын пайдаланууну жана натыйжалуу пайдаланууну контролдоону жүзөгө ашырат;
- мунайгаз тармагына инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу ченемдик укуктук жана фискалдык шарттарды түзөт;
- мунайгаз тармагындагы иштин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасиринен коргоо программасын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- жер казынасын пайдалануунун, аларды коргоонун, мунай жана газ чыккан жерлерди иштетүүнүн жана пайдалануунун, жаратылыш газын жана мунайын жөнөтүүнүн, ташуунун, пайдалануунун жана сатуунун эрежелерин белгилейт;
- мунайдын жана жаратылыш газынын балансынын абалына контролдук жүргүзөт, жер казынасынын изилденишинин мамлекеттик эсепке алынышын уюштурат;
- мунайдын, жаратылыш газынын стратегиялык корлорун калыптандырууну жана алардын республиканын аймагында жайгаштырылышынын эсепке алынышын камсыз кылат;
- мунайгаз тармагындагы инвестициялык саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- лицензиялоонун, мунай газ тармагындагы ишти лицензиялоонун шарттарынын сакталышын контролдоонун мамлекеттик тутумунун иштешин камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мунайгаз тармагындагы жалпы баа саясатын жүргүзөт;
- мунайгаз тармагын монополиядан арылтуу, мамлекеттик менчиктен ажыратуу жана менчиктештирүү боюнча программаны иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук техникасын камсыз кылынышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым ыйгарым укуктарын башка мамлекеттик органдарга бере алат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн мунай менен газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды себептерин көрсөтүү менен календарлык жылдын ичинде алты айдан ашпаган мөөнөткө экспорттоого тыюу салууга укуктуу. (КР 2012-жылдын 29-майындагы № 74, 2015-жылдын 20-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 января 2015 года № 19 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О нефти и газе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 мая 2012 года № 74 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О нефти и газе"Редакцияларды салыштыруу
20.01.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пайдалануунун, аларды коргоонун, мунай жана газ чыккан жерлерди алынып салынды: иштетүүнүн, аларды кошулду: иштетүүнүн жана пайдалануунун, жаратылыш газын жана мунайын жөнөтүүнүн, ташуунун, пайдалануунун жана сатуунун эрежелерин белгилейт;
- … экспорттоого тыюу салууга укуктуу.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы № алынып салынды: 74 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 74, 2015-жылдын 20-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/85/st-6" title="6-статья - Мунай жана газ жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>